http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жолдордо кар көчкү жүрүшү күтүлөт

Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жолдордо кар көчкү жүрүшү күтүлөт

17 Дек 2018 , 10:09 1519

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аба ырайынын кескин өзгөрүп кетишине байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар көчкү жүрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-чакырымынан 138-чакырымына чейин жана Ала-Бел ашуусу менен Чычкан капчыгайында кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Андан сырткары, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолдорунда жана Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында көчкү жүрүшү мүмкүн. 

ӨКМ бул тоолуу аймактарга сапарга чыккан айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактап, жолго чыгар алдында күрөк, чынжырча алып жүрүүнү эскертет.


Новости по дате