http://www.ktrk.kg/Ош базарынын тегерегиндеги башаламан соода жоюлат

Ош базарынын тегерегиндеги башаламан соода жоюлат

17 Дек 2018 , 10:48 297

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош базарынын тегерегиндеги башаламан соода жоюлат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Ленин райондук администрациянын кызматкерлери Бейшеналиева, Киев, Кулиев, Токтогул көчөлөрүндө жана Чүй проспектисинде мыйзамсыз жайгашкан соода түйүндөрүн алууда. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө райондук кызмат жана милиция санитардык талапка жооп бербеген көрүнүштөргө күбө болушту. Тартип сакчылары отуздан ашуун административдик протокол түздү.

Новости по дате