http://www.ktrk.kg/Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогу КТРКда көрсөтүлөт

Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогу КТРКда көрсөтүлөт

17 Дек 2018 , 10:20 1691

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиокорпорациясы 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогун түз алып көрсөтөт. Бул туурасында Футбол федерациясынан билдиришти. Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы "С" тайпасына туш болуп, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин футболчулары менен кез келет. 

Оюн Бишкек убактысы боюнча төмөндөгүдөй тартипте көрсөтүлөт: 

Кытай - Кыргызстан командалары, 7-январда саат 17:00дө;

Кыргызстан - Түштүк Корея, 11-январь, саат 22:00дө; 

Кыргызстан - Филиппин тайпаларынын оюну 16-январда саат 19:30да көрсөтүлөт. 

Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралда жыйынтыкталат. Буга чейин федерация Азия Кубогунун проморолигин тартуулаган.

Новости по дате