http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкектеги унаа токтоочу жайга айланган тротуарлар

Элдик репортер: Бишкектеги унаа токтоочу жайга айланган тротуарлар

15 Апр , 10:43 327

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар"долбоору ишке кирип, камера коюлган көчөлөрдө тартип орной баштаганы менен көмүскө жердеги башаламандык өзгөрүүсүз калууда. Өзгөчө чак түштө тротуарга унаасын калтырып, жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жараткан айдоочулар көп. 

Мындан тышкары шаар ичинде биринен бири өтүп, көрүнгөн жол жээгинен орун алган унаа оңдоочу жана жуучу жайлардын айынан дагы тротуарлардын баары ээленген. Мындай көрүнүштөр көзгө сайып турса дагы, чечилбей келген көйгөйлөрдүн бири.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате