http://www.ktrk.kg/“Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы уланууда

“Эне тил жана Айтматов” үч айлыгы уланууда

17 Дек 2018 , 6:04 3303

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы “Дордой плаза” соода борборунда Айтматовдун 90 жылдыгына карата сүрөт, китеп көргөзмөсү ачылып, “Бириккен жаштар уюму” театралдашкан композиция көрсөттү. Үч айлык улуу жазуучунун рухий мурастарын калктын калың катмарына жайылтуу максатында, өлкөбүздүн бардык аймагында  мектеп, жогорку окуу жайлары, ишкана-мекемелерде Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция, конкурс, театралдашкан адабий кече, жолугушуу формасында иш-чаралар өтүүдө.

Чындыгында коомчулук бул демилгеге терең маани берүү менен катышканы кубанычтуу-дейт, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи Радио"


Новости по дате