http://www.ktrk.kg/Беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

17 Дек 2018 , 12:30 3344

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда беш кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, жекшемби күнү болгон авариянын себеби териштириле баштады. 

16-декабрда кечке жуук Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында «Фольксваген Пассат» менен «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Натыйжада пассаттын айдоочусу унаасы менен кошо күйүп кеткен. Тойотада жети киши, ал эми экинчи унаада айдоочу жалгыз болгону айтылууда. Каза болгон төрт адам жети кишилик машиненин жүргүнчүлөрү, калган үчөө ооруканада. Учурда кырсыктын себептери такталып жатат.

Новости по дате