http://www.ktrk.kg/Борбор калаанын бир катар аймактарында беш күн бою газ болбойт

Борбор калаанын бир катар аймактарында беш күн бою газ болбойт

17 Дек 2018 , 11:33 367

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын бир катар аймактарында беш күн бою газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан маалымдашты. Ага ылайык, көгүлтүр от 17-декабрдан 21-декабрга чейин Кызыл куруучу, Керамика жана Кайыңды конуштарында, төмөнкү Ала-Арча айылынын Анжиян, Логвиненко, Биринчи май, Белинский, Коллектив көчөлөрүндө жана Аламүдүн айылынын Гидрокуруучулар, Алматы, Набережная, Кожожаш, Гоголь, Мектеп жана Панфилов көчөлөрүндө өчүрүлөт. 

Эске салсак, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Новости по дате