http://www.ktrk.kg/Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулайт

Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулайт

17 Дек 2018 , 11:43 1962

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

18-декабрда Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери чек ара маселесин талкуулайт. Маалыматтарга караганда, Ош облусунда Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш облустарынын башчылары кеңешинин экинчи жыйыны болот. 

Эки тараптын кызматташтыгын чыңдай турган бул жолугушууда актуалдуу маселелер көтөрүлүп, жыйынга эки өлкөнүн өкмөт башчылары төрагалык кылганы жатат. Белгилей кетсек, эки мамлекеттин ортосундагы чек аранын узундугу 1 миң 378 чакырымга барабар.

Новости по дате