http://www.ktrk.kg/Мамлекет санариптешүүнүн пайдубалын азыртадан түптөшү керек

Мамлекет санариптешүүнүн пайдубалын азыртадан түптөшү керек

17 Дек 2018 , 9:11 2600

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-2023-жылдарга карата «Санариптик Кыргызстан» санарип трансформациясынын Концепциясы бул маселелерди чечүүдөгү негизги кадам болот. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында таза бийликти, адилет коомду куруу максатын койду. Ага жетүү үчүн жаңы технологиялардын заманынан артта калбашыбыз керек деген Мамлекет башчы жакынкы 5 жылдын ичинде Кыргызстан аймактагы санариптик экономиканын лидерлерине жетиши зарыл - деди.

Ички иштер министрлигиндеги мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун ачылганына болгону эки айга чукулдап калса дагы мындагы иштин натыйжасы даана байкалып турат. Министрлик сунуштаган тиешелүү документтерди ушул жерден алууга жарандардын ыңгайы үчүн баардык шарт түзүлгөн. Эң негизгиси узун кезек деген жок. Баардык кызмат электрондук түрдө көрсөтүлөт. Маселен соттолбогондугу тууралуу маалым катты мурдагыдай болуп он күндөп күтпөстөн жарандар “бирдиктүү терезе” аркылуу ылдам эле алса болот. 

Жарандарга кызмат көрсөткөн баардык мекемелер мына ушундай багытта иш алып барсын деген талапты Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде белгиледи. Өлкөнү санариптештирүү Президент белгилеген ушул маселелерди чечет. Коопсуздук кеңешинде бекитилген Концепция үч негизги стратегиялык максатты камтыйт. Бул: жарандардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, электрондук түрдө сапаттуу кызматтарды көрсөтүү жана үчүнчүсү санариптештирүүнүн негизинде экономикалык өнүгүү. 

Дал ушул Концепциядан санариптештирүүгө байланыштуу маселелердин баарына жоопту тапса болот. Эми анын негизинде санариптик өлкөнү курууда зарыл болгон жол-жоболор, министрлик менен мекемелердин милдеттери менен тапшырмаларды белгилеген Жол картасы иштелип чыгат. 

Жол картасын кабыл алууга бир айлык мөөнөт берилди. Андан кийин негизги жумуштарды аткарууга киришүү милдети турат. Президент 2019-жылдын аягына чейин 189 мамлекеттик кызматты толук электрондук түрдө сунуштоо тапшырмасын койду. 

Бүгүнкү күндө электрондук кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик порталы жарандарга 10 кызматты электрондук түрдө көрсөтүп жатат. Жыл аягына чейин электрондук форматта кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 25ке жеткирилет. Андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 кызмат көрсөтүүсү бирдиктүү порталга киргизилиши зарыл. Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы 25 кызмат көрсөтүүдө. Мамлекеттик органдардын жетекчилери убада кылгандай 2019-жылдын аягына чейин жарандар 189 кызматты электрондук түрдө ала алышат.

Албетте бул зор аракеттин баары жарандардын тигил же бул мамлекеттик кызматты алууда убаракерчилигин азайтуу, эң негизгиси жемкорлукту жоюу үчүн жасалып жатат. Мындан улам талдоочулар коррупцияга каршы күрөштө чечкиндүү кадам таштаган Кыргызстан сыяктуу чакан өлкө кыска мөөнөттө санариптик өлкө курууга толук кудурети жетет деген пикирде. Бул жерде болгону ар бир министрлик же мекеме өз милдеттерин так аткарышы гана талап кылынат, - дейт эксперттер. Ошондо гана Кыргызстан жакынкы беш жылда санариптештирүү боюнча аймактагы өлкөлөрдүн сап башында болот. 


Новости по дате