http://www.ktrk.kg/ Баткенде гемодиализ аппараты бар заманбап бейтапкана курулду

Баткенде гемодиализ аппараты бар заманбап бейтапкана курулду

18 Дек 2018 , 10:53 2205

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Демилгечи жаштар тарабынан республиканын эң четки аймагы болгон Баткенге гемодиализ аппараты бар заманбап бейтапкана курулду. Муну менен буга чейин миң чакырымдап борборго каттап дарыланып келген элеттиктердин көйгөйү чечилди.

Баткендик Алтынбек Кутпидиновдун өнөкөт бөйрөк дартына чалдыкканына бир жыл болду. Бишкек же, Оштон бөйрөктүн милдетин аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, канын тазалатып турат.

Дарылангандан кийин, кайрадан туулган айлына Бишкектен миң чакырым, Оштон 220 чакырымга чейин жол жүрөт. Мындай түйшүк бейтапты эмес, соо кишинин шайын оодарары турган кеп. Эми, бул кыйынчылыктын баары артта калды. Баткендин Үч-Коргон айылына гемодиализ аппараты менен камсыздалган бейтапкана түштү.

Клиника демилгечи жаштар тарабынан колго алынган. 500 миң акш доллар өлчөмүндө каражат сарпталган. Негиздөөчүлөрдүн бири - Дамир Осмонов. Түркиядан билим алып келген. Жаштар, заманбап клиниканы борборго эмес, республиканын эң алыскы аймагы болгон Баткенге ачууну ниет кылышкан. Бул өрөөндө өмүрү гемодиализге байланган 36 жаран бар.

Бейтапкана акыркы үлгүдөгү заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган. Жарандар үчүн зарыл болгон шарттын баары эске алынган.
Диализ бөлүмү менен бирге мында, жүрөк кан тамыр ооруларын дарылоочу бөлүм да иштейт. Адистердин билдиришинче, борбордогу бейтапканаларга барган элеттиктердин 50 пайызын дал ушул жүрөк ооруларына чалдыккандар түзгөн.
Маал-маалы менен мыкты адис дарыгерлер чакыртылып турат. Ата Мекендик жана чет өлкөлүк дарыгерлер менен келишим түзүлгөн. Ысык-Көлдүк Ишенбай Молдоташов, мында ротация жолу менен кызматташууга келген.
Клиниканын ишке кириши менен мында 25 жаңы иш оруну түзүлдү.
Быйылкы аймактарды өнүктүрүү жылында Кадамжай районунда ар кандай багытта жалпы 27 ишкана ачылып, 200дөй жаран туруктуу иш оруну менен камсыздалган. Аймакка жыл башынан тартып, 450 млн. сом инвестиция тартылган. Райондо 183 миңден ашуун калк жашайт.


Новости по дате