http://www.ktrk.kg/Аткаминерлер акчаны асмандан алганбы?

Аткаминерлер акчаны асмандан алганбы?

18 Дек 2018 , 11:15 2115

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Буга чейин бир катар мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган Дүйшөнбек Зилалиевдин банктардын бирине сактаган ири өлчөмдөгү акчасы тууралуу видеону УКМК санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында таап чыккан. Мекеме видеонун тарап кетишине банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт.

Шакылдата акча санаган кыз коопсуздук кызматында иштебейт. Ал банк кызматкери. Анын уячадан таңгак долларды алып чыгып санап жатканын көрсөк болот. Кардардын банктагы ижара акысы төлөнбөй, келишим аяктаганына байланыштуу банк уячанын ичин бошотуп жатканда аны видеого тартып, эсеп-кысабын алып туруп капка салып, кардарды чакырып өткөрүп берген. Окуя 2017-жылы жай айында, Зилалиев вице-премьер-министр болуп турганда болгон. 

Мурунку аткаминер кыска аралыкта ченебей байыганы коомчулукка ашкереленди. Банкта катылган миңдеген долларды эсепке албаганда, коопсуздук кызматы Зилалиевдин үйүн тинте келгенде ичинен ири өлчөмдө акча табылды. Андан тышкары 400 миң долларга бааланган үйгө ээлик кылаары, туугандарына 34 миллион жана 19 миллион сомдук эки кеңсени каттатканы аныкталган.
Ал буга чейин өзү да, туугандары да бай эместигин берген интервьюсунда тастыктаган. Анын жактоочусу Учкун Каримов Зилалиевдин мүлкү үй-бүлөсү чогулткан байлык катары билдиргени бар. Бирок ошол миллионго жеткен доллар, табылган акча, катталган мүлктөрдү эсептей келгенде Зилалиевдин орто заар жашайбыз деген сөзү - өзүнө каршы келет. 

Бул арам жол менен баюу фактысынын бири. Жакында Транспорт жана жолдор министринин орун басары жол салуу боюнча тендерден уткан компаниядан 520 миң доллар талап кылып, 50 мин доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

Майлуу-сүттүү орунда иштеген Бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусовдун казынага кол салганы аныкталган. Ал Азербайжанда кармалып, жакында мекенине кайтарылганы турат. Башкы бажычы мамлекетке 166 миллион сом зыян келтирилгени такталган. Талдоочулар ири өлчөмдөгү жемкорлук бир кишинин колунан келе бербейт, түзүлгөн схемалардын бетин ачып, жат көрүнүштүн тамырын кыркуу керек деп эсептейт.

Жыл башынан бери бир топ чуулгандуу бир катар иштердин бети ачылды. Мамлекеттик түзүм, арам жол менен акча тапкандарды ооздуктоо аракетин көрүп жатат.


Новости по дате