http://www.ktrk.kg/Ишкерликти өнүктүрүү багытында кандай иштер аткарылууда?

Ишкерликти өнүктүрүү багытында кандай иштер аткарылууда?

18 Дек 2018 , 16:34 848

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Натыйжада Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан 77-орундан 70-орунга көтөрүлгөн. Учурда өлкөдө ишкерлик боюнча алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кирүү аракети көрүлүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлердин укугун жана алардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн Бизнес-Акыйкатчы институтун ишке киргизүүнү тездетүүнү жана бардык зарыл ченемдик-укуктук актылардын даярдалышын камсыздоону экономика министрлигине тапшырды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Гулнура Сманбекова, "Биринчи радио"


Новости по дате