http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Жолдун чаңынан, таза суудан кыйналган Ак-Моюн айлынын тургундары

Элдик репортер: Жолдун чаңынан, таза суудан кыйналган Ак-Моюн айлынын тургундары

16 Апр , 13:25 211

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында 2018-жылы борбордук көчөсү асфальтталып, бирок көчөнүн башындагы 400 метрге чейинки жери бүтпөй калып калган. Бул жолдон унаалардын агымы үзүлбөгөндүктөн, чаң сапырылып, үйлөрдү каптап, ошол чакырымда жашагандардын айласын кетирип жатат. 

Машиналар өткөн сайын, чаң асманга сапырылып үйлөрдү каптайт. Анын кесепетинен балдар жөтөлүп, өпкө оорусу менен оорушат. Сыртка кир жайып кургата албай калдык. Ушул эле көчөнүн башына суунун түтүктөрү дагы жеткен эмес. Тургундар 500 метрден ашык жерге барып, сууну чакалап жана башка жол менен ташышат. Свет начар. Оокат кыла албайбыз. Кыскасы Ак-моюн айылынын ушул көчөнүн башында жашаган жашоочуларынын көйгөйү ушундай. Ушул биздин көйгөйүбүздү жогору жактагылар калыс карап, чечип берет деп ишенебиз.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате