http://www.ktrk.kg/Тендерде теңчилик качан болот?

Тендерде теңчилик качан болот?

18 Дек 2018 , 23:41 1020

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башкы прокуратура Координациялык кеңешме өткөрүп, анда мамлекеттик сатып алуулар, саламаттык сактоо системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер каралды. 

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары мамлекеттик сатып алуулар жаатында бузулган мыйзам бузуулар боюнча 1 миң 485 акты түзгөн. 

Жалпысынан 125 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 44 миллион сомго жакын акча кайтарылган. 

Координациялык кеңешмеде мамлекеттик сатып алуу мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип жатканы айтылды. 

Азыр калем саптан баштап бардык керектүү нерсенин баары тендер аркылуу сатылып алынат. Дал ушул жерде ортодон акча өөнөп калганга жылчык ачылаары аныкталган. Мисалы, бир эле саламаттык сактоо министрлигинде 600дөн ашык мыйзам бузууга жол берилгени аныкталган.

Мамлекеттик сатып алуулар электрондук портал аркылуу ишке ашканы менен, тилекке каршы мыйзамсыз сатып алуулар жүргүзүлүп, казынага кол салуу, кызмат абалынан пайдалануу аркылуу мамлекетке зыян алып келчү келишимдер түзүлгөн фактылар аныкталган.


Новости по дате