http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өттү

Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өттү

19 Дек 2018 , 22:51 3471

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Президент Сооронбай Жээнбековдун жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйыны өттү. Жыйынга 80ден ашык жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынан 170ке жакын журналисттери катышты. 


Маалымат жыйыны 2 жарым сааттан ашык убакытка созулуп, анда кабарчылар өлкөдөгү коомдук саясий абал, экономикалык көрсөткүчтөр, социалдык тармактагы, билим берүү жана маданият жаатындагы маселелер, коррупцияга каршы күрөш, тышкы саясат, аймактарды өнүктүрүү жылында аткарылган иштер боюнча суроолорду беришти. 

Эске салсак, бул Президент Сооронбай Жээнбековдун алгачкы маалымат жыйыны жана анда 2018-жылдын жыйынтыгы да чыгарылды. 



Новости по дате