http://www.ktrk.kg/Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчылары А.Навои атындагы орто мектепке барышты

Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчылары А.Навои атындагы орто мектепке барышты

19 Дек 2018 , 14:26 1600

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынына катышуунун алкагында Ош шаарындагы А. Навои атындагы орто мектепке барышты. 

Жалпы билим берүү мекемесинин курулушуна жана окууга тийиштүү жабдуулар менен камсыздоого каражаттар өзбек тараптан бөлүнүп берилген, мектеп ушул жылдын сентябрь айында ачылган. Өкмөт башчылар окуу корпустарын, ашкананы, жыйындар залын жана спорт аянтчасын көрүп чыгышты. 

Андан соң, премьер-министрлер "Сулайман-Тоо" тарыхый-археологиялык комплексине болушту.



Новости по дате