http://www.ktrk.kg/Искусство жөнүндө балдарга арналган китептер жарык көрдү

Искусство жөнүндө балдарга арналган китептер жарык көрдү

19 Дек 2018 , 17:04 737

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Искусство жөнүндөгү балдар китептеринин кезектеги сериясы жарык көрдү. Китептерди даярдап, чыгаруу идеясы Роза Отунбаеванын фондуна тиешелүү. Китептер “Заманбап искусство балдарга” долбоорунун алкагында басылып чыгарылды. Китептердин каармандары, авторлору Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда чогулуп, бет ачары өзгөчө форматта өттү.

Искусство жөнүндөгү балдарга арналган төрт китеп. Каармандары биздин белгилүү замандаштарыбыз, бири таланттуу композитор, экинчиси опера ырчысы, 3-сү скрипкачы жана төртүнчүсү сүрөтчү. “Муратбек жана анын музыкага чапкан жолу” китеби белгилүү кыргыз Эл артисти Муратбек Бегалиев, ал эми “Биринчи скрипка” чыгармасы Казакстандын эл артисти, Ааламдын артисти наамынын ээси, скрипкачы Айман Мусаходжаева, “Исмаилдин керемет үнүндө” Өзбекстандын эл артисти, опера ырчысы Исмаил Жалилов, “Юристанбек неге юрист болбой калды эле...” китебинде Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев тууралуу жазылган. Китептерде искусствого кызыгып алган кичинекей бала өзүнүн кыялын ишке ашыруу үчүн кандай кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңип, атак даңкка жетип, өз өлкөсүн бүтүндөй дүйнөгө даңктаганы тууралуу айтылат. Ошондой эле бул баяндарда бала бир гана таланты, шыгы менен белгилүү болбостон, өзүнүн эмгекчилдиги, талыкпаган аракети, кыйынчылыктарга чыдай алган өжөрлүгү менен ийгиликтерди багындырганы тууралуу сөз болот.

Китептер "Заманбап искусство балдарга" долбоорунун алкагында, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун идеясы менен даярдалып ишке ашты. Китептердин бет ачары Улуттук филармониянын чоң залында каармандардын, балдардын катышуусунда суроо-жооп менен коштолгон концерт форматында болду.

Сахнада китептин каармандары, искусство чеберлеринин чыгармаларын жаш артисттер аткарышты. Ал эми Казакстандын эл артисти Айман Мусаходжаева көрүүчүлөргө скрипкада ойноп берди.

Китептер кыргыз орус тилдеринде, ар бири 300 даанадан басып чыгарылды. Аны окуган бала кыялданууну үйрөнүп, аны турмушка ашырууда тайманбастыкка, өжөрлүккө, чыдамкайлыкка, эң башкысы эмгекке үйрөнөт - дешет китептин авторлору. 



Новости по дате