http://www.ktrk.kg/Кыргызстанга туристтердин көп келиши күтүлүүдө

Кыргызстанга туристтердин көп келиши күтүлүүдө

17 Апр , 11:28 922

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жылы Кыргызстанга мурдагыдан да көп турист келери болжолдонууда. Быйыл Индия, Кытай, Араб Эмираттарынан туристтердин агымы көп болушу күтүлөт. «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Данияр Казаков маалымдагандай, бул жылы Доха менен Сеулдан түз каттам ачылып, ал туристтердин санынын көбөйүшүнө түрткү болот. 

Учурда Индия, Кытай жана Араб Эмираттарынан көп билдирүүлөр келүүдө. Казаков белгилегендей, бул жылы жаңы каттамдар иштелип чыгып, аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат. Мындан улам, туризмди өнүктүрүүнү каалаган демилгечилерге колдоо болот.

Новости по дате