http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Чоң-Далы айылынын негизги жолун суу алып кетүү коркунучу турат

Элдик репортер: Чоң-Далы айылынын негизги жолун суу алып кетүү коркунучу турат

17 Апр , 15:46 461

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылынын негизги жолун сайдын суусу алып кетүү коркунучунда турат. Сайдын суу жарды акырындап жеп отуруп, унаа жолуна жетерине аз эле калган. Бул жарга жакын унааларга кооптуу чукул бурулуш бар. Анысы аз келгенсип, көпүрө дагы катуу суу келсе, тирөөчтөрү кулап кетүү коркунучунда турат. 

Айыл тургундары мындай көрүнүштөн кооптонуп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана Өзгөчө кырдаалдар министрилигине да кабарлашкан. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18

Новости по дате