http://www.ktrk.kg/Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир жылдык иши тууралуу отчётун берүүдө

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир жылдык иши тууралуу отчётун берүүдө

17 Апр 2019 , 14:03 604

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылда башкы көзөмөл органы аткарган иштердин отчётун Жогорку Кеңешке берүүдө. Башкы прокурордун айтымында өткөн жылы 139 сайтка жана социалдык тармактарда 120 жеке баракчага кирүү чектелген. Ошондой эле, "Талибан", "Хизб ут-Тахрир", Ислам малекетинин экстремисттик маанайдагы чакырыктарына үгүттөгөн айрым интернет булактарын жабуу боюнча 31 доо арыз сотко жиберилген. 

Мындан тышкары улуттар аралык мамилелер боюнча 490 мыйзам бузуу аныкталып, алар боюнча 108 сунуш, 30 талап, 22 мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү келтирилген. Андан сырткары, прокурордук актылардын негизинде тартиптик жоопкерчиликке 119 кызмат адамы тартылган. 16-апрелде башкы көзөмөл органынын жетекчиси парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламент регламенти боюнча комитетинде маалымат берген. 

Жамшитов 2018-жылы жалпысынан мыйзам бузулган 39 миңге жакын факты катталганын, коррупция үчүн 962 кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ошондой эле, эң коррупциялашкан деген мекемелерди атаган.

Новости по дате