http://www.ktrk.kg/ Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

20 Дек 2018 , 23:04 756

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Ар кайсы жерге түшкөн көчкүнүн жалпы көлөмү 20 миң куб метрге жетет. Учурда каттамды тазалоо иштери жүрүүдө. 

Белгилей кетсек, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу жолу 19-декабрда аба ырайы катаалдап кеткенине байланыштуу жана кар көчкү түшөт деген коркунучтан улам убактылуу жабылган болчу.



Новости по дате