http://www.ktrk.kg/Кыргызстандын экономикасына Дүйнөлүк соода уюмунун пайдасы чоң

Кыргызстандын экономикасына Дүйнөлүк соода уюмунун пайдасы чоң

20 Дек 2018 , 15:05 1318

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мындан туура жыйырма жыл мурда, 20-декабрда Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон. Дал ушул мөөнөттөн тарта дүйнө жүзү, эл аралык коомчулук Кыргызстанды базар экономикасындагы өлкө катары тааныган. Уюмга мүчөлүктөгү өлкөнүн жетишкендиктери, алдыдагы пландары 20 жылдыкка арналган конференцияда талкууланды. 

Иш-чаранын катышуучуларынын айтуусунда, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуу менен Кыргызстандын соода саясаты либералдашып, экономиканын кызмат көрсөтүү тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. Кыргызстандын ДСУна мүчө мамлекеттер менен соода-сатыгы жыл сайын өсүү жолунда. Мисалга, 2015-2017-жылдар аралыгында ДСУ менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 20,6 пайызга жогорулаган.

“Жылдык соода жүгүртүүнүн көлөмү мурдагы жылга салыштырмалуу 5 миллион долларга өскөн. Биздин экономикабызда ДСУ эң жакшы жолду ачкан”,- деди вице-премьер-министр Замир Аскаров.  

Новости по дате