http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкектеги жол кырсыгынын очогуна айланган көчө кесилиштери

Элдик репортер: Бишкектеги жол кырсыгынын очогуна айланган көчө кесилиштери

17 Апр , 16:27 381

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы  Үмөталиев менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде эки күндүн биринде жол кырсыгы катталып, ал райондо жашагандардын үрөйүн учурууда. Жол чырактын жоктугунан айдоочулар бири-бирине жол бербей же катуу ылдамдыкта айдап, ал тургай жөө адамдардын ары-бери өтүүсүнө кыйынчылык жаралууда.

Бизге маалымат жөнөткөн окурман, 2 күндүн ичинде катары менен катталган жол кырсыктарына күбө болгонун билдирет. Мындай жагдай тийиштүү органдарга маалым болгону менен эч кандай чара көрүлбөй келет. Анткени, буга чейин дагы ушул кесилиштерде катталган жол кырсыктары тууралуу биздин рубрикага кайрылгандар көп болгон. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате