http://www.ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: "УКМК ишинин маанилүү багыттарынын бири - коррупция менен күрөшүү"

Сооронбай Жээнбеков: "УКМК ишинин маанилүү багыттарынын бири - коррупция менен күрөшүү"

20 Дек 2018 , 16:51 751

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коопсуздук органдары мамлекетибиздин улуттук кызыкчылыктарын ишенимдүү коргойт. Муну Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

Мамлекет башчысы алардын жумушу оор жана зор жоопкерчиликти талап кыларын, мамлекеттин, коомдун жана өлкөнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи. Президент мекен сакчылыгында туруп, каармандык менен курман болгон коопсуздук органдарынын кызматкерлерин эскерип, алардын үй-бүлөсүнө аманчылык тиледи. 

Ошол эле мезгилде азыркы учурдагы дүйнөдө терроризм жана экстремизм коркунучтары курч болуп турганын эске салып, коопсуздук органдарынын кызматкерлерине коюлган талаптар катуу экенин белгиледи. Мындан тышкары, Президент улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик ишинин маанилүү багыттарынын бири - коррупция менен күрөшүү экенин эске салып, бул жылы кызматкерлер ири коррупциялык схемаларды ачыкка чыгарып, эл арасында талкуу жараткан кылмыштардын бетин ачканын айтты.

"Бардык жасаган кылмыш иши үчүн эртеби, кечпи ким болбосун, жоопкерчиликке тартылат. Алардын даражасына, чинине жана коомдогу ордуна эч ким карабайт. Коррупция менен күрөшүү мындан ары да күчөй турганын дагы бир ирет эскертем", - деп айтты Мамлекет башчысы.

Новости по дате