http://www.ktrk.kg/Жалал-Абад облусундагы жер көчкү түшкөн аймакта абал туруктуу

Жалал-Абад облусундагы жер көчкү түшкөн аймакта абал туруктуу

20 Дек 2018 , 23:15 2328

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жалал-Абад облусундагы жер көчкү түшкөн аймакта абал туруктуу. Учурда көчкү түшкөн аймакта, башка дагы жер кыртышынын кошумча көчүп кетүү коркунучу байкалбайт деп билдирет облустук Өзгөчө кырдаалдар кызматы. Белгилеп кетсек, 18-декабрь күнү Сузак районундагы Көк-Жаңгак шаарынын 23-квартал аймагына, көлөмү 40 миң куб болгон жер көчкү түшкөн. 

Көчкүнүн алды жергиликтүү тургундардын короосуна 300 метр аралыкка чейин келип токтогон. Бактыга жараша, кырсыктан кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.



Новости по дате