http://www.ktrk.kg/Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзгөчө меш орнотулду

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзгөчө меш орнотулду

20 Дек 2018 , 23:59 3557

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарында чет элдик уюмдардын колдоосу менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзгөчө меш орнотулду. 

Ал көмүр отунун үнөмдөп, үй ээсинин капчыгына да оорчулук келбейт. Анткени мындай меш бир топ үнөмдүү болуп, үйдү да ылдам ысытат экен. 

Мындай өзгөчө меш республика боюнча 51 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн турак жайына орнотулду. Ал эми Нарын району боюнча былтыр 25 үйгө коюлган. 

Бул демилгени “CAMP Ала-Тоо” (КЕМП Ала-Тоо) коомдук фонду ишке ашырып, мындан ары АРИС улантканы жатат. Ал үчүн агенттик дүйнөлүк банктан каражат карап, 14 000 аз камсыз болгон үй-бүлөгө үнөмдүү мештерди коюп берет. 

Өзгөчө мештин учурдагы баасы 14 000 социалдык жактан муктаждар 30% гана төлөп, агенттик орнотуп берет. 






Новости по дате