http://www.ktrk.kg/Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү

Бишкек ЖЭБиндеги кырсык боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү

20 Дек 2018 , 23:36 1252

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБиндеги авариянын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Эскерте кетсек, жылуулук борборундагы авария боюнча 7 киши: "Электр станциялары" ишканасынын мурунку директору Узак Кыдырбаев жана орун басары Бердибек Боркоев, ЖЭБди модернизациялоо боюнча топтун жетекчиси Темирлан Бримкулов, “Энергохолдингди” мурун жетектеген Айбек Калиев жана анын орун басары, жылуулук борборунун мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу менен башкы инженер айыпталууда. Ушул күндөрү күбөлөр көрсөтмө берип жатат.

Авария боюнча ачылган кылмыш иштин алкагында бул ирет “Электр станциялар” ишканасынын жетектөөчү инженери Виктор Зонковой көрсөтмө берди. Мамлекеттик айыптоочулар ал технологиялык мыйзам бузууларды иликтеген мекемелер аралык комиссиянын курамында болгонун айтып, иликтөөнүн жыйынтыгы кандай чыкты деп кызыгышты. Күбө аткарылган жумуштун корутундусу тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, авариянын жаралышына, оперативдүү персоналдын макулдашпаган аракети, суунун азайышы, суу түтүктөрдүн тоңуп калышына алып келген аба температурасынын төмөндөшү жана өз убагында аткарылбаган бир катар шалаакалыктар жол берген болгон.

10 күн иш алып барган комиссия тарабынан акт түзүлгөн. Анда башкы корпустун, от казан жана турбиналык цехтер суукка даярдыгы жоктугу имараттын чатыры менен терезелери жылууланбай калышы камтылган. Тажрыйбалуу энергетиктер дагы кышка даярдык чабал жүргөн деп эсептейт. Анда күбөлөр көрсөтмө берүүдө.

Былтыр кыштын кыраан чилдесинде шаар тургундары бир нече күндө жылуулуксуз калган. ЖЭБдеги кырсыктын себептерин аныкталып, корутундулар чыккан. Эми сот залында алешемдикке кимдин канчалык деңгээлде тиешеси бары териштирилип жатат. 





Новости по дате