http://www.ktrk.kg/Төө-Ашуудагы тоннелде жол ачык

Төө-Ашуудагы тоннелде жол ачык

18 Апр , 10:30 896

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек - Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелде жол ачык. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдергендей, унаалар түрүнө карабай эркин өтүп жатат. 

Белгилей кетсек, 16-апрелде күбөлөр тоннелдин түтөп жатканын тартып алышкан. Айдоочулардын биринин айтуусунда, түтүн башталганда тоннелде болушкан жана андан 20 мүнөттө чыгышкан. 

2 тараптан тең унаалар кирип-чыгып, тыгын пайда болгон. 

Алгач, тоннелде авария болгонунан улам тыгын болууда деп айтылган. 

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы тоннелде авария болду деген маалыматты жокко чыгарып, оор жүк ташыган унаанын токтоп калганынан улам кыймыл 30 мүнөткө чектелип, кайра калыбына келгенин билдирди.

Новости по дате