http://www.ktrk.kg/Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

Кыргыз парламентинин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өттү

21 Дек 2018 , 14:46 1324

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине карата «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү.«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кыргыз парламентинин экс-спикерлери менен экс-депутаттары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

«Бул маараке Кыргызстандын калыптануу жолундагы парламентаризмдин ролу тууралуу ой жүгүртүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деген ойдобуз. Сиздер кыргыз парламентинин калыптанышына жана өнүгүшүнө өзүңүздөрдүн олуттуу салымыӊыздарды коштуӊуздар”, - деп белгиледи вице-спикер Мирлан Бакиров.

Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференциянын алкагында бир катар илимий баяндамалар жасалууда. Ошондой эле, кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине арналган даректүү фильм көрсөтүлүп, хроникалык фотосүрөт көргөзмөсү  тартууланды.



Новости по дате