http://www.ktrk.kg/ "Унаа" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

"Унаа" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

21 Дек 2018 , 14:07 3271

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Унааларды каттоого жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүүгө жооптуу "Унаа" мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Бул маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш кеңешме өткөрдү. Өкмөт башчы белгилегендей, унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча иштерге коомчулук тарабынан нааразычылык көп. Адамдык факторду жоюу үчүн биринчи кезекте мекеменин ишмердигин толугу менен автоматташтырууну камсыздоо зарыл. 

Жол кырсыктарынын негизги себептери кыйыр түрдө дасыктык сынактардан өткөн жана айдоочулук күбөлүктөрдү берген органга тиешелүү, бул тармакты автоматташтыруу боюнча чоң иштерге карабастан, анда жакшыруулар азыркыга чейин байкала элек, бул коррупциялык схемалардын болушуна байланыштуу. Өкмөт башчы ошондой эле, кайрадан жаңы түзүлгөн мекемеге кызматкерлерди алуу компетенттүү жана коррупцияга аралашпаган кадрларды тартуу үчүн ачык сынактык негизде өткөрүлүшү кажет экенине токтолду.

«Узун кезектер, документтерди өз убагында бербөө жана процесстердин бюрократиялашуусу биздин жарандар үчүн ыңгайсыздыктарды жаратат. Буга байланыштуу МКК караштуу Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борборун жана Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментин жоюу жана анын базасында жаңы «Унаа» мамлекеттик мекемесин түзүү чечими кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылдын ноябрында унааларды каттоо тутумунда аныкталган коррупциялык механизмдер жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат принциптерине жана өлкөнү санариптештирүү чараларына эч дал келбейт. Жакынкы убактарда бардык даярдык иш-чараларын аяктоо жана кызматкерлерди алууга ачык сынак өткөрүү зарыл», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.


Новости по дате