http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: үч-төрт айдан бери сейрек жүрүп, элди жүдөткөн 169 - маршруттук каттамы

Элдик репортер: үч-төрт айдан бери сейрек жүрүп, элди жүдөткөн 169 - маршруттук каттамы

21 Дек 2018 , 18:20 689

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында жана шаар четиндеги конуштарда өзгөчө кыш мезгили башталгандан бери маршруттук унаа каттамдарында көйгөй жаралууда. Маршруттук каттамдарда талапка жооп бербеген жагдайлар көп катталып, элге ыңгайсыздыктар жаралып кетет. Ушундай мисалдардын бири менен шаар тургуну бөлүшкөн. 

"Бишкектин Совет жана Ж.Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 15 мүнөттөн ашык убакыттан бери турабыз, 169- маршрутка жок. Жумушка кечигип барып, айып алып, акчабыздан кесип жатат. Бул убакыттын аралыгында башка маршруттар төрт-беш жолудан кетишти, ал эми 169-маршрутка жок. Бул эмне деген көрүнүш, үч-төрт айдан бери ушундай көрүнүш, маршруткалар аз каттап ишке кечигип баруудабыз. Муну ким жөнгө салып, ким тартипке келтирет?",- деп суроо калтырган калаа тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате