http://www.ktrk.kg/Кылымга тете кызматы бар Жогорку Кеңештин 80 жылдык мааракеси

Кылымга тете кызматы бар Жогорку Кеңештин 80 жылдык мааракеси

21 Дек 2018 , 23:31 1275

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин 80 жылдык мааракесине арналган конференцияда кыргыз парламентинин тарыхый орду талданып, мыйзам чыгаруу ишинин келечеги тууралуу сөз болду. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин басып өткөн жолу тууралуу учкай кеп кылып, парламентти олуттуу милдеттер күтүп турганын да эске салды. 

Мамлекет башчысы Конституцияны өзгөртүү керек деген чакырыктарды колдобойт. Өлкөдө баш мыйзамды алмаштыруудан башка маанилүү маселелер бар.

Талдоочулардын баамында Кыргызстан өз аймагында парламентаризм өнүккөн, ой-пикирлердин ар түрдүүлүгү өкүм сүргөн өлкө. Мамлекет дал ушул артыкчылыгына таянат.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик башкарууну өнүктүрүү керек деген турумун бир нече ирет бекемдеген. Өлкө тандаган жолду өнөктөштөр да, алыскы чет өлкөлүктөр да кубаттайт.

Жогорку Кеңештин азыркы 6-чакырылышында 6 фракция иш алып барууда. Кезектеги кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. 



Новости по дате