http://www.ktrk.kg/2023-жылга чейин экспорттун көлөмү эки эсеге көбөйөт

2023-жылга чейин экспорттун көлөмү эки эсеге көбөйөт

22 Дек 2018 , 23:38 733

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2022-жылга чейин экспортту өнүктүрүү боюнча программа бекитилди. 

Өкмөттүн токтому менен бекитилген бул программа өлкөнүн экспорттук дараметин жана дүйнөлүк рыноктогу атамекендик продукциянын атаандаштыгын жогорулатуу максатын көздөйт. 

Ал тигүү, кайра иштетилген жер-жемиш продукциясы, сүт тармагынын, инновациялар тармагынын продукциясын экспорттоо көлөмүн жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алууга багытталган. 

Программага ошондой эле үч кросс-тармактык багыт – финансыга жеткиликтүүлүк, экспортту стимулдаштыруу жана сапат инфраструктурасы киргизилген. 

Программаны ишке ашыруу сатуу рыногун диверсификациялоо жана аймактык, кошумча нарк глобалдык чынжырчасына интеграцияланган, атаандаштыкка жөндөмдүү тармактарды өнүктүрүү жолу менен 2023-жылга карата экспорттун көлөмүнүн 2 эсе өсүүсүн шарттай тургандыгы күтүлүүдө.


Новости по дате