http://www.ktrk.kg/Жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны

Жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйыны

23 Дек 2018 , 0:00 1844

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстан тарап демилгелеген радиациялык коркунучтарды алдын алуу боюнча резолюциянын долбоорун кабыл алды. Документке 21-декабрда добуш берилип, анда бул маселенин актуалдуулугу белгиленген. 

Эске салсак, радиациялык коркунуч маселеси, аны алдын алуу жолдорун камтыган жаңыланган долбоорду күз айларында президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөгөн кезинде сунуштаган эле.

Бул узап бараткан жылдагы маанилүү жетишкендиктердин бири болду. Мындан сырткары 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөш, коңшу өлкөлөр менен алаканы бекемдөө, сот укук реформасы, санариптик мамлекетти куруу жана башка бир катар тармактар боюнча алганда да жемиштүү жылдардын бири болду. 

Ал эми жетишкен ийгиликтер жана кемчиликтер, аткарылган иштердин жыйынтыгы президент Сооронбай Жээнбековдун журналисттер үчүн өткөргөн алгачкы маалымат жыйында чыгарылды.

Маалымат жыйынга жалпы 84 жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарынан 172 журналист катышты. 40тан ашык кабарчы 80ге жакын суроо беришти. Маалымат жыйын 3 жарым саатка созулду. 

Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өлкөдөгү жүрүп жаткан реформалар, артыкчылыкка ээ болгон долбоор, багыттардан тартып, президенттин урук туугандарына чейинки суроолорду беришти. Жана ачык айкын, толук кандуу жоопторду алышты.



Новости по дате