http://www.ktrk.kg/ЖЭБдегы аварияга байланышкан соттук териштирүүлөр уланууда

ЖЭБдегы аварияга байланышкан соттук териштирүүлөр уланууда

23 Дек 2018 , 0:18 1890

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Маалымат жыйында журналисттер эң көп берген суроолордун бири бул коррупцияга каршы күрөш болду. Негизи өлкөдөгү ири коррупциялык схемалар Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыктан кийин ачыкка чыга баштады. 

Жылуулук борборунун кыштын кыраан чилдесинде иштен чыкканы- калаага жылуулук жана ысык берүүнү чектеп, шаардыктар 5 күн бою муздак үйлөрдө отуруп, кырсыктын кесепетинен тиешелүү мекемелер 90 млн сомго жакын чыгаша тартканы белгилүү.

Андан да тереңирээк кирсек, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого коротулган 386 млн доллардын изине түшөбүз. Кырсыктан кийин оңдоп түзөө иштеринин баасы атайын жогорулатылганы белгилүү болуп, кылмыш иши козголгон. 

Мындай көрүнүш бир гана жылуулук борборунда эмес, андан кийин ачыкка чыккан тарых музейи, жолдордун курулушу, дегеле кайсы жерде ири насыя же грант болсо, ошол тармактын бардыгында жемкорлук, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары бар. 

Биздин чиновниктер жүз миңдеген долларларды оңой эле сиңирип, элдин эсебинен байыганды жакшы өздөштүрүшкөн.

Ушул тапта Биринчи Май райондук сотунда Бишкек жылуулук борбору боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. Иштин алкагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерголдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев жана Электр тармактарынын мурдагы жетекчилерине айып коюлган. 


Новости по дате