http://www.ktrk.kg/Москвада Кыргыз күрөш федерациясы түзүлдү

Москвада Кыргыз күрөш федерациясы түзүлдү

24 Дек 2018 , 10:50 1879

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Россиянын Москва шаарында Кыргыз күрөш федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу Москвадагы кыргызстандык мигранттардын футбол лигасынын президенти Максат Мамбеткулов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кыргыз күрөш боюнча мелдеш уюштурулчу эмес.


«Ушул жылдын 18-декабрында Москва шаарында кыргыз күрөш боюнча спорт секция ачылды. Ага миграция жана башка кызматтардан коноктор келип катышты. Секциянын ачылышына карата балбандар 3 салмак даража боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында бардык катышуучуларга ардак грамоталар, жеңүүчүлөргө медалдар тапшырылды. Буга чейин Кыргыз күрөш федерациясын түзгөнбүз. Федерациянын Кыргызстандагы күрөш федерациясына тиешеси жок. Москвада татар, моңгол жана башка улуттун өкүлдөрү тынбай мелдеш уюштуруп келишет. Эми биздин улуттук күрөш боюнча да мелдештер өтүп турмакчы», - деди Мамбеткулов.

Новости по дате