http://www.ktrk.kg/Жаңы жылдык балаты майрамдарында фейерверк уюштурууга тыюу салынды

Жаңы жылдык балаты майрамдарында фейерверк уюштурууга тыюу салынды

24 Дек 2018 , 12:17 2255

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде жана бала бакчаларда жаңы жылдык балаты майрамдарында фейерверк уюштурууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин атайын буйругу чыкканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады. 

Буйрукта пиротехникалык каражаттардын эч бир түрүн пайдаланууга уруксат жок экени айтылат. Билим берүү боюнча райондук жана шаардык башкармалыктар өрт коопсуздугун сактоо чараларын көрүп, балдар жана ата-энелер, мугалимдер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө милдеттүү.

Новости по дате