http://www.ktrk.kg/Балдарга карата зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопкерчилиги күчөтүлөт

Балдарга карата зомбулук көрсөткөндөрдүн жоопкерчилиги күчөтүлөт

25 Дек 2018 , 23:02 2590

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча чараларды күчтөндүрүүнү тапшырды. Өкмөт жетекчи балдарга карата катаал мамиле кылуунун жана зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу боюнча райондук штабдардын ишин жандандырууну жана аларды шаар мэрлери жана райондук мамлекеттик райондук администрация башчыларынын жетекчиликке алуусун тапшырды. 

Ага ылайык, укук коргоо органдары, социалдык мекемелер калк менен активдүү иш алып барууга тийиш. Токтоосуз түрдө үймө-үй кыдырууларды уюштуруп, ата-энелерисиз туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын маалыматтык базасын түзүү керек. Аталган мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракетин топтоштуруп, натыйжалуу иш алып баруу зарыл. 

Социалдык кызматтар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мындай балдардын абалынан такай кабар алып турушу керек, анткени, дал ушул балдар зомбулукка дуушар болуп калууда», – деп белгиледи өкмөт жетекчи. Мындан сырткары Абылгазиев коомчулукту аталган көйгөйгө ынтаа коюу менен мамиле кылууга чакырып, ал укук коргоо органдарына балдарга карата зомбулук көрсөтүү боюнча акыркы фактыларды тыкыр иликтеп чыгууну жана күнөөлүү жактарга мыйзам чегинде катуу чараларды көрүүнү тапшырды.


Новости по дате