http://www.ktrk.kg/Улуу Британия сотуна Максим Бакиев боюнча доо арыз берилди

Улуу Британия сотуна Максим Бакиев боюнча доо арыз берилди

12 Апр 2016 , 11:09 1696

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан Улуу Британиянын сотуна Максим Бакиев боюнча жарандык доо арызды сунуштоого үлгүрүп жетишти. Бул тууралуу Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин регламенти боюнча жана укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитеттердин биргелешкен отурумунда билдирди. 

Жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Башкы прокурор бул иш боюнча арызды кабыл алуу 6-апрелде аяктаганын айтты. Тиешелүү документтерди камдап жөнөткөн өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борборуна башкы прокуратура юридикалык жактан кеп-кеңеш берип көмөкчү болгону айтылды. 

Эске сала кетсек буга чейин парламентте Улуу Британиянын сотуна арыз менен кайрылуу жөнөтүлсүн, качып жүргөн Максим Бакиев Кыргызстанга кайтарылсын деген маселе көтөрүлгөн.





Новости по дате