http://www.ktrk.kg/Тоң районунда  жаңы бала бакча ишке берилди

Тоң районунда жаңы бала бакча ишке берилди

25 Дек 2018 , 13:49 2069

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тоң районунун Болот Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Эшперов айылында жаңы бала бакча ишке берилди. 

Бул балдар бакчасы элүү орундуу болуп, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду, Кореялык "Гуд Нейборс" эл аралык гуманитардык уюмунун жардамы менен алты миллион сомдон ашык каражатка курулду. 

Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей жалпы Ак-Сай, Көк-Сай, Жер-Үй жана Эшперов айылдарында буга чейин бала бакча жок болчу. 

Эске салсак, Тоң району боюнча жыйырмадан ашуун айылдарда бала бакча муктаждыгы бар.




Новости по дате