http://www.ktrk.kg/Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында 100 күндүк жарыяланды

Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында 100 күндүк жарыяланды

25 Дек 2018 , 22:18 1225

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөт “Ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн 100 күндүгүн” жарыялады. Буга чейин коомдук уюмдар менен демилгелүү жарандар Жаңы жылдын алдында коомчулукту ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн азык-түлүктөрүн сатып алууга үндөгөн акция баштап, ал жөнөкөй жарандар арасында колдоого алынган.

Урмат Максат уулу дүкөндөн азык-түлүк сатып алууда ата мекендик өндүрүшкө башынан эле өзгөчө көңүл бурат. Мекендешибизди кыргызстандык продукциялар сапаты жогору, экологиялык жактан таза, башкысы баасынын арзандыгы тартат.

Жыл жаңыраар алдында өлкөдөгү дүкөндөрдүн баары жаңы жылдык белектердин түрүнө, текчелери азык түлүккө толтурулууда. Келерки жыл токчулук, молчулуктун жылы болсун деп, анан да жакындарын кубанткысы келип түрдүү белек-бечкектерди сатып алгандар да арбын. Жаңы жылдын алдында айрым коомдук уюмдар, демилгелүү жарандар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү кубантышууда. Алардын биринин жетекчиси Жеңиш Молдакматов баштаган демилгелүү топ жакыр үй-бүлөлөргө азык-түлүк жеткирип жакшы маанай тартуулашууда. Белектердин курамында жалаң гана Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар бар.
Жаңы жыл алдында жалаң гана ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн товарларын сатып алуу акциясын коомчулук колдоого алууда.

“Кыргызстандын продукциясын сатып ал” акциясы 3 жыл мурда башталган. Өкмөт кабыл алган ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн 100 күндүгү жергиликтүү товарларды сатып алууга чоң колдоо болоорун адистер белгилешүүдө. 



Новости по дате