http://www.ktrk.kg/"Кар ханышасы" жомогу Кыргыз улуттук драма театрында коюлууда

"Кар ханышасы" жомогу Кыргыз улуттук драма театрында коюлууда

25 Дек 2018 , 20:17 2293

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жаңы жыл алдында борбор калаанын жана келген меймандардын кичинекей тургундары үчүн оюн-зоок программалары көрсөтүлүүдө. Бул сапар балдардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Андерсендин "Кар ханышасы" жомогу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында коюлду. Аны Казакстандын "Сезам" куурчак театры балдардын балет тобу менен биргеликте сахнага алып чыгышты. Спектакль кыргыз жана орус тилдеринде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана бардык бөбөктөргө арналды. Оюндун соңунда жеткинчектер Аяз ата, Аяз кыз жана жомоктогу каармандардын катышуусундагы көрүнүшкө ортоктош болушту.

"Биз эки элдин достук байланышын маданият тармагында көрсөтүшүбүз керек. Дал ушул максатта бул долбоорду Кыргызстанда сунуштап жатабыз. Кечээ эле бул чыгарманы Казакстанда көрсөтүп, бүгүн Бишкекке алып келүүнү туура көрдүк",- деди "Сезам" курчак театрынын директору Кайрат Баянов. 

Новости по дате