http://www.ktrk.kg/Абылгазиев: "Экологиялык экспертиза аяктаганга чейин уран кенинде ишти токтотуп туруу керек"

Абылгазиев: "Экологиялык экспертиза аяктаганга чейин уран кенинде ишти токтотуп туруу керек"

22 Апр , 15:28 1259

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экологиялык экспертиза аяктаганга чейин уран кенинде ишти токтотуп туруу керек. Мындай тапшырманы Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргызстандагы ЮрАзия» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү боюнча кеңешмеде берди. Анда 2018-жылдын 31-декабрында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп, анын мүчөлөрү тарабынан жергиликтүү эл, кеңештин депутаттары менен жолугушууларды өткөрүү максатында бир нече жолу сапар уюштурулган. Ошондой эле лицензиялык аянттын жана кендин айланасынын табигый радиациялык фонун радиометриялык өлчөө иши жүргүзүлгөн. 

Иштин жыйынтыгы боюнча Таш-Булак Кызыл-Омпол лицензиялуу аянтынын кени боюнча отчет даярдалган. Бирок, уран аянтын өздөштүрүү боюнча маселелерди терең жана ар тараптуу изилдөө максатында 2019-жылдын 18-апрелинде Премьер-министрдин чечими чыгып, бардык компетенттүү мамлекеттик органдарды тартуу менен кеңейтилген курамдагы ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Абылгазиев - уран кенине байланыштуу бардык чечимдер ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгын эске алуу менен гана, бардык акыркы анализдер жана зарыл болгон оң экологиялык жана техникалык экспертизалар алынгандан кийин кабыл алынат, - деди. Премьер-министрдин айтымында, бүгүнкү күнү бул участокто эч кандай казуу иштери жүргүзүлгөн жок жана комиссиянын иши аяктап, бардык экспертизалар алынганга чейин кыймылдабай турат.


Новости по дате