http://www.ktrk.kg/3 унаа толугу менен күйүп кетти

3 унаа толугу менен күйүп кетти

26 Дек 2018 , 11:12 3876

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 3 унаа толугу менен өрттөндү, деп билдирди бүгүн, 26-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Жапалак айыл аймагынын Төлөйкөн айылында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ошондой эле Чүйдөгү Кара-Балта шаарында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа, ал эми Москва районунда «Ауди-80» унаасы толугу менен өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себептери такталууда.

Новости по дате