http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Чытырман токойду балык чарбасына айландырууда

Элдик репортер: Чытырман токойду балык чарбасына айландырууда

26 Дек 2018 , 13:42 253

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чоң-Кеминдин Шабдан айылындагы чытырман токой жайгашкан улуттук паркты четинен бадалдарын кыйып отуруп, учурда балык чарбага айландырып жатышат. Айланасы зым менен тосулган мурунку токой азыр каксоо жерге айланган. Табиятка да ушунчалык таш боор мамиле болобу. Сатып, жок кыла элек ушул эле калганбы. Ач көз коррупционерлердин колу эми токойдогу бактарга да жетти. Кыргызстанда ушундай жаратылыш байлыктарына кол салгандарга кандайдыр бир көрүлө турган чара барбы? Же баары эле акчанын күчү менен чечилип калганбы? - деп нааразы болгон айыл тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате