http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Жаңы мектептин эмеректери жыл айланбай керектен чыкты

Элдик репортер: Жаңы мектептин эмеректери жыл айланбай керектен чыкты

26 Дек 2018 , 13:57 361

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Аксы районунун Көш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Улук айылында жаңы колдонууга берилген Жакып Султанов атындагы мектептин эмеректери четинен керектен чыга баштады. Сапатсыз жасалган мындай эмеректерге эртең жоопкерчиликти ким алат? Мектеп жетекчилиги буга окуучуларды күнөлөп жатат. Мындан 50 жыл мурунку парта, отургучтарды деле колдонуп жатпайлыбы ушул мезгилге чейин. Ата-энелер ансыз дагы мектеп үчүн акча төлөй берип, ач-жылаңач калмай болушту, - маалымат жөнөткөн окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

 

Новости по дате