http://www.ktrk.kg/Бишкекте "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Бишкекте "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

26 Дек 2018 , 15:02 1513

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

29-декабрдан 7-январга чейин борбор калаадагы "Тез жардам" кызматы күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

"Кызмат тиешелүү дары-дармектер менен толук камсыздандырылып, нөөмөттө туруучу жетекчилер дайдындалып бүттү. Шаардын тургундары жана меймандардын саламаттыгын көзөмөлдөө үчүн 38 медициналык бригада иш алып барат", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилүү болгондой, быйыл 11 ай аралыгында "Тез жардам" кызматына 143 миң 470 чакыруу түшкөн.

Новости по дате