http://www.ktrk.kg/Баткендеги театрга 1 млн сомдук жаңы музыкалык жабдыктар алынды

Баткендеги театрга 1 млн сомдук жаңы музыкалык жабдыктар алынды

26 Дек 2018 , 15:08 4420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма театрына 1 млн сомдук жаңы музыкалык жабдыктар алынды. Бул тууралуу театрдын жетекчиси Бакыт Акматов билдирди.

Анын айтымында, театрга акыркы жолу 2006-жылы музыкалык жабдыктар, улуттук музыкалык аспаптар алынган. Эми театр 60ка жакын музыкалык аспаптар менен камсыздалып, кызматкерлердин иштөөсүнө жакшы шарттар түзүлдү. Жаңы жылдык иш-чаралар жаңы аппараттардын жардамы менен өткөрүлөт.

Мындан тышкары быйыл театрдын имаратынын тамчы өтүп жүргөн чатыры оңдолду. Имаратты оңдоо иштерине 24 млн сом сарпталган.

Новости по дате