http://www.ktrk.kg/Кыргызстанда эми 65 жаштан ашкан адамдар мектеп директору боло албайт

Кыргызстанда эми 65 жаштан ашкан адамдар мектеп директору боло албайт

26 Дек 2018 , 10:40 3233

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда эми 65 жаштан ашкан адамдар мектеп директору боло албайт. Мындай демилге бүгүн, 26-декабрда Парламенттин пленардык жыйынында көтөрүлдү. Анда жаңы сунушталган мыйзамга ылайык билим берүү мекемелеринин жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишим токтотулат. Кааласа алар жаш жетекчилерге насаатчы болуп иштей алат.

Азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жаштын тегерегиндеги адамдар. Мыйзамдын максаты билим берүү мекемелерин жаш кадрларды алып келүү менен билим деңгээлин көтөрүү. Эл өкүлдөрү демилгени колдоого алып, 25-30 жыл боюу директор болуп, мектепти менчигиндей ээлеп алган жетекчилерди сынга алды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Новости по дате