http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Баткен шаарынын базарындагы  башаламандык

Элдик репортер: Баткен шаарынын базарындагы башаламандык

26 Дек 2018 , 16:24 219

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы убакта кайсыл аймак болбосун, базар жайгашкан жери башаламан жайга айланып, тургундардын нааразылыгын жаратып келет. Соодагерлер бир эле базардын ичи эмес,  жолдун четине чейин чыгып, соода-сатыгын улантып жатышат. Ал эми мындай көрүнүшкө жергиликтүү бийликтегилер да эч бир чара көрө албай калышкандай...

Баткен шаарынын борбордук базарында дагы ушул жагдай орун алган. Базардын жанындагы көчөлөр аркылуу каттоого мүмкүн эмес. Жолдун ортосуна чейин чыгып кеткен сатуучулардын жана көрүнгөн жерге токтотулган унаалардын айынан сааттап тыгында калып калышат. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате